Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:25

Президент Мамкаттоонун кызматкерлеринин кармалышына пикир билдирди


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков биометрикалык паспорттордун тендерине байланыштуу кырдаалга карата пикирин билдирип, «мен жарандык коомдун пикирин урматтайм, бирок шашылыш тыянак чыгарбоого чакырам»,- деди.

Мамлекет башчы 22-апрелде Ошто санариптештирүү маселесине арналган жыйында сүйлөп жатып, өлкөнү санарипке өткөрүү анын президенттик ишмердигиндеги негизги багыттардын бири болуп кала берерин белгиледи.

«Жакында Мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлери тендер чырына байланыштуу кармалды. Мен коомдун пикирин урматтайм. Жарандык коом күчтүү болгону, жарандар мамлекеттик маселеге кайдыгер карабаганы - жакшы көрүнүш. Бирок тендердин айланасында суроо көп. Ошондуктан шашылыш тыянак чыгарбай турууга чакырам. Баары мыйзам чегинде болууга тийиш. Мыйзам баарына бирдей. Эгер ал бузулса, ким болушуна карабай, жоопкерчиликке тартылат», - деген Жээнбеков укук коргоо органдары мыйзамдан аша чаппашы керек экенин кошумчалады.

Тендер чырына байланыштуу кармалган Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаев 17-апрелде эки айга тергөө абагына камалышкан. Алар биометрикалык паспорт бланкын даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзамсыз иштерге барышкан деген шек саналууда. (SE)

XS
SM
MD
LG