Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:04

Иран менен Пакистан чек арада «бирдиктүү күчтөрдү» түзөт


Пакистандын премьер-министри Имран Хан (солдо) менен Ирандын президенти Хасан Роухани. Тегеран, 22-апрель, 2019-жыл.
Пакистандын премьер-министри Имран Хан (солдо) менен Ирандын президенти Хасан Роухани. Тегеран, 22-апрель, 2019-жыл.

Ирандын президенти Хасан Роухани менен Тегеранга келген Пакистандын премьер-министри Имран Хан чек ара аймактарындагы террорчулукка каршы тез чара көрө турган «бирдиктүү күчтөрдү» түзүү тууралуу макулдашты. Бул тууралуу Роухани Имран Хан менен сүйлөшүүдөн кийинки басма сөз жыйынында айтканын Ирандын мамлекеттик медиасы кабарлап чыкты.

Соңку бир канча айдан бери эки өлкө «чек ара аймактарындагы жоочуларга каршы жеткиликтүү күрөшпөй жатат» деп бири-бирин айыптап келишкен.

«Террорчулук маселеси бөлүп-жаруучу факторго айланып, биздин өлкөлөрдүн ортосундагы пикир келишпестикти күчөтчүдөй болуп турган. Менин коопсуздук боюнча жетекчибиз менен бирге бул жакка келгеним жана бул маселени чечкенибиз маанилүү болду», - деп айтты Пакистандын өкмөт башчысы Имран Хан.

18-апрелде Пакистандын Белужистан провинциясында 15 куралчан адам армия кызматкерлерине кол салып, андан пакистандык 14 аскер мерт болгон. Расмий Исламабад бул кол салуунун артында турган террорчул топ Ирандын аймагынан келгенин билдирип, Тегеранды аларга каршы чара көрүүгө чакырган.

Быйыл жыл башында Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусунун 27 мүчөсүнүн өмүрүн алган кол салуу боюнча Пакистанда жайгашкан согушкерлер тобун айыптаган болчу.

XS
SM
MD
LG