Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:16

АКШ Ирандан мунай алууга байланыштуу жеңилдикти токтотууда


АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Вашингтондогу басма сөз жыйынында. 22-апрель, 2019-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Вашингтондогу басма сөз жыйынында. 22-апрель, 2019-жыл.

Кошмо Штаттар 1-майдан тартып беш мамлекетке, анын ичинде Кытайга, Индияга, Жапонияга, Түштүк Корея менен Түркияга Ирандан мунай импорттоого берилген убактылуу жеңилдикти токтотот. Ага ылайык, эгер бул мамлекеттер мындан ары Тегерандан мунай сатып алууну улантса, аларга Вашингтон санкция киргизиши мүмкүн. Бул тууралуу маалымат алгач Ак үйдүн сайтында жарыяланып, андан соң бул кабарды АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 22-апрелде ырастады.

Помпео бул чечимди кабыл алардын алдында Вашингтон Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары жана башка мунайды ири көлөмдө өндүргөн мамлекеттер менен дүйнөдөгү мунайга болгон таңкыстыктын алдын алуу максатында кеңири жана жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн билдирди.

«Биз өзөктүк куралды чыгаруудан баш тартуу, баллистикалык ракеталарды сыноону, террорчулукту каржылоону жана АКШ жарандарын негизсиз кармоону токтотуу сыяктуу талаптарыбызды [Ирандын жогорку лидери] аятоллага ачык билдирдик. Биздин басым бул жана башка талаптардын аткарылышын көздөйт», - деди Помпео.

Кошмо Штаттардын экономикалык санкцияларынан жабыркап жаткан Тегерандын негизги кирешеси мунай экспортунан түшөт. Вашингтондун 22-апрелдеги билдирүүсүн утурлай Ирандын мунай министрлигинин атын атабаган өкүлү «Тасним» агенттигине берген комментарийинде АКШ Иран мунайынын экспортун толугу менен токтото албай турганын белгилеген.

Былтыр ноябрь айында Вашингтон Иранга киргизген жаңы санкцияларынын мунай соодасына байланыштуу жобосун аткаруу маселесинде сегиз юрисдикцияга убактылуу жеңилдик берген. Ага ылайык, Кытай, Индия, Түштүк Корея, Түркия, Италия, Греция, Жапония жана Тайван алты айга Ирандан АКШнын санкцияларына кабылбастан убактылуу мунай импорттоого мүмкүнчүлүк алышкан.

XS
SM
MD
LG