Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:27

Лондондо экологияга байланыштуу акцияда миңден ашык киши кармалды


Лондондо бийликтен климаттын өзгөрүшүнө каршы кескин чара көрүүнү талап кылып жаткан акция сегиз күндөн бери уланууда. Лондон полициясынын маалыматына караганда, миңден ашык адам кармалып, алардын 53үнө айып коюлду.

Жекшембиде өздөрүн «Extinction Rebellion» деп атагандар өкмөт сүйлөшүүлөргө макул болсо митингди токтотууга даяр экенин жарыялашкан.

Активисттер өкмөттөн климаттык жана экологиялык өзгөчө кырдаал жарыялап, абага бөлүнгөн уу заттардын көлөмүн 2025-жылга чейин кескин азайтууну жана климаттын өзгөрүшү боюнча чечимдердин кабыл алышын тескей турган атайын орган түзүүнү талап кылып жатышат.

«Extinction Rebellion» кыймылы былтыр түзүлгөн. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча активисттердин акциясы 15-апрелде башталган. Алар Британиянын баш калаасы Лондондун эл жык-жыйма жүргөн көчөлөрүнүн айрымдарын тороп жатышат.

XS
SM
MD
LG