Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Бишкекте Китеп күнү белгиленет

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте Дүйнөлүк китеп күнүнө карата Улуттук китепканада «Китеп - адамзаттын рух азыгы» аттуу көргөзмө ачылып, белгилүү акындардын ырлары окулган поэзия кечеси да өтөт.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара саат 11:00дө башталып, ага чакырылган коноктордон сырткары жөнөкөй окурмандар да катышса болот.

23-апрель - Дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү. Бул датаны ЮНЕСКО 1995-жылы бекиткен. Жергиликтүү эксперттер акыркы жылдары Кыргызстанда китеп окугандар азайып баратканын айтып жүрүшөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG