Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:19

«Замандаш» партиясы уран кени боюнча өкмөткө талап койду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Замандаш» саясий партиясы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, Кызыл-Омпол уран кенинин ишин убактылуу эмес, таптакыр токтотууну талап кылып жатат. Бул тууралуу партиянын төрагасы Жеңиш Молдокматов «Азаттыкка» маалымдады:

- Өкмөт башчыга кат тапшырдым. Үч негизде каршы болуп жатабыз. Биринчиден өкмөт «жашыл экономика» деп жумалык өткөргөн. Уран кенин иштетүү ага каршы келет. Экинчиден, уран ачыла турган болсо туризмди жоготобуз. Үчүнчүдөн, урандын башы көлдөн башталса Чу суусу менен Казакстанга, Өзбекстанга чейин барат. Бир нерсе болсо Кыргызстан эмес, Борбор Азия жабыркайт.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Кызыл-Омпол уран кенинин ишин экологиялык экспертиза аяктаганга чейин токтотуп турууну тапшырган.

Расмий кабарга ылайык, 22-апрелде премьер-министр «Кыргызстандагы ЮрАзия» ишканасынын ишмердигине байланыштуу кеңешме өткөргөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG