Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:13

Текебаев менен Жапаровдун тарапташтары чогула баштады


Садыр Жапаровдун тарапташтары.
Садыр Жапаровдун тарапташтары.

Жогорку соттун алдында камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун тарапташтары чогула баштады. Бир аздан кийин Садыр Жапаровдун соттук отуруму башталат.

23-апрелде «Ата Мекен» саясий партиясы лидери Өмүрбек Текебаевдин бошотулушун талап кылган митинг өткөрөрүн маалымдаган.

Учурда түрмөдө отурган саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун тарапкерлери чогуу чыгышары мурда кабарланган. Алар бул үчүн «Ата Мекен» жана «Мекенчил» партиялары бир штабга бириккенин маалымдашкан.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана «Мекенчил» партиясынын лидери Садыр Жапаровдун иши Жогорку сотто бир күндө - 23-апрелде каралат.

XS
SM
MD
LG