Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:37

Митингчилер Текебаев менен Жапаровдун боштондугун талап кылышууда


Садыр Жапаровдун жана Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары. Бишкек, Кыргызстан. 23-апрель, 2018-жыл.
Садыр Жапаровдун жана Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары. Бишкек, Кыргызстан. 23-апрель, 2018-жыл.

Бишкекте, Жогорку соттун алдындагы митингде «Садыр Жапаровго боштондук! Садыр Жапаров акталсын!» деген кыйкырыктар жаңырууда. Аймактардан чогулган бир нече тургун чыгып сөз сүйлөдү.

Камакта отуруп чыккан көзү азиз активист Темирлан Ормуков да адилетсиз соттордун өздөрүн камакка алыш керек экенин айтты.

Чогулгандар «Ата Мекен» партиясынын лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин акталышын талап кылышууда.

Эки саясатчынын тарапкерлери бүгүн алардын соттук отурумуна байланыштуу акцияга чогулушту. Учурда болжолдуу 200-300дөй киши турат.

Садыр Жапаровдун соту башталды, Өмүрбек Текебаевдин соту эми башталат. (ErN)

XS
SM
MD
LG