Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Пхеньян Ким Чен Ын менен Путин жолугаарын ырастады


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана орус лидери Владимир Путин.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана орус лидери Владимир Путин.

Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттары өлкө лидери Ким Чен Ын жакынкы күндөрү Орусияга барып, президент Владимир Путин менен жолуга турганын ырасташты. Пхеньяндын Борбордук жаңылыктар агенттиги (KCNA) Ким Чен Ынды Орусияга президент Путин чакырганын 23-апрелде маалымдады.

«Иш сапарынын жүрүшүндө алар сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт», - деп жазды аталган агенттик.

Бирок Түндүк Кореянын медиасы жолугушуу качан, кайсы жерде өтөөрүн тактаган жок. Орусиянын «Коммерсантъ» басылмасы Ким Чен Ын менен Путин 25-апрелде Владивосток шаарында кездеше турганын өз булактарына таянып кабарлап чыкты. 18-апрелде Кремль Ким Чен Ын Орусияга «апрель айынын экинчи жарымына» келерин билдирген болчу.

Эки лидердин болжолдуу кездешүүсү тууралуу кабарлар АКШ Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу маселеси боюнча Түндүк Кореяны кепке келтирүүгө аракет кылып жаткан учурда чыгып жатат. Эки жума мурда Ким Чен Ын АКШнын президенти Дональд Трамп менен үчүнчү саммитти өткөрүүгө даяр экенин билдирип, бирок ал үчүн Америка тарап мамилесин өзгөртүшү зарыл болорун ишарат кылган.

XS
SM
MD
LG