Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:08

Түндүк Кореянын жаңы жүрүшү


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, Пхеньян, 9-сентябрь, 2018-жыл.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, Пхеньян, 9-сентябрь, 2018-жыл.

Пхеньян жаңы куралын сынаганын жарыялады. Бирок кандай курал сыноодон өткөнүн так билдирген жок. Бул жарыяны улай Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Орусияга бара турганы ырасталды.

Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттары 17-апрелде жаңы сыноо тууралуу азыноолак гана маалымат беришти. Бул өлкөнүн борбордук жаңылыктар агенттиги (KCNA) Пхеньян “тактикалык башкаруудагы куралын” сынаганын, бул курал "кубаттуу дүрмөттү" алып жүрүүгө ылайыкташканын, сыноо Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жетекчилиги алдында өткөнүн гана билдирди.

Мындай жарыядан бир күн мурда баш кеңсеси АКШда жайгашкан Эл аралык жана стратегиялык изилдөөлөр борбору Түндүк Кореянын негизги өзөктүк жайында активдүүлүк байкалганын кабарлаган эле.

Пентагон Түндүк Кореядан ракета учурулганын аныктаган жок. Батыш талдоочулары сөз деңизде, жерде жана асманда колдонулуучу тактикалык курал тууралуу болуп жатышы мүмкүн деп божомолдошот.

Бул АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ки Чен Ындын акыркы сүйлөшүүлөрүнөн берки биринчи сыноо катары мүнөздөлүп жатат.

Hwasong-15 континент аралык баллистикалык ракетасы сыналган учур. 29-ноябрь, 2017-жыл.
Hwasong-15 континент аралык баллистикалык ракетасы сыналган учур. 29-ноябрь, 2017-жыл.

Айрым адистер соңку сыноо менен Пхеньян Вашингтонго Түндүк Корея боюнча көз карашын жумшартууга гана белги берип жатканын, чоң сыноолорго батынбай турганын айтып жатышат.

"Түндүк Корея санкциялар дале коркунуч жаратып жатканда жана АКШ менен диалог курууга дагы деле мүмкүнчүлүк түзүлүп турган шартта баллистикалык ракетасын сынады деп ойлобойм. Ошондуктан Түндүк Корея кыска аралыктагы канаттуу ракетасын эле сынаса керек", - деген ою менен бөлүштү Түштүк Кореядагы Кюнгнам университетинин профессору Ким Дон-Юб.

Кантсе да жаңы сыноо Вашингтондо Түндүк Кореянын өзөктүк куралы боюнча сүйлөшүүнү жандантуу аракеттери болуп жаткан учурга туш келди.

Өткөн аптада Ким Чен Ын АКШ президенти Дональд Трамп менен үчүнчү саммитти өткөрүүгө даяр экенин билдирип, бирок ал үчүн Америка тарап мамилесин өзгөртүшү зарылдыгын ишара кылган. Февралдын акырында Ханойдо Ким Чен Ын менен болгон экинчи жолугушууда президент Трамп саммитти чукулунан токтотуп, биргелешкен билдирүү жасоодон баш тарткан.

Азырынча Америка Түндүк Кореянын соңку сыноосу боюнча расмий билдирүү тарата элек. Бирок Кытай Пхеньяндын жарыясынан көп өтпөй эки өлкөнү диалогго чакырды.

"Корей жарым аралында саясий мунаса табуу аракети маанилүү баскычында турат. Биз бардык тараптарды, өзгөчө Түндүк Корея менен АКШны жолугуп, диалогду бекемдөөгө, биргелешкен ишти улантууга жана Корея жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу аракетинде жылыш жасоого үндөйбүз", - деп билдирди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү​ Лу Канг.

АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлеринин саммити, Ханой, 28-февраль 2019-жыл.
АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлеринин саммити, Ханой, 28-февраль 2019-жыл.

АКШ менен Түндүк Корея лидерлеринин алгачкы жолугушуусу 2018-жылы июнда Сингапурда өткөн. Бул кездешүүдө Түндүк Корея өзөктүк куралдан арылуу жараянын баштоого убада бергени кабарланган. Бирок адистер Пхеньян өзөктүк куралдарды чыгарууну улантып жатканын билдирип жатышат.

Ал арада Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын эки жумага жетпеген убакыттын ичинде Орусияга бара турганы ырасталды. Кремль муну тастыктаган маалыматты 18-апрелде расмий сайтына жайгаштырды. Анда Ким Чен Ын Орусияга "апрель айынын экинчи жарымына" келери белгиленген.

Буга чейин Түндүк Кореянын «Рёнхап» маалымат агенттиги Ким менен Путиндин жолугушуусу Владивосток шаарында өтүшү мүмкүн экенин кабарлаган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG