Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:20

Түндүк Кореянын санкцияга реакциясы


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын тууралуу берүүнү көрүп турган эл. Сеул, 2019.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын тууралуу берүүнү көрүп турган эл. Сеул, 2019.

Түндүк Кореянын бийлиги 22-мартта Түштүк Корея менен байланыш бюросунан өз кызматкерлерин чакыртып алды.

Пхеньян бул тууралуу алардын Кэсондо өтүп жаткан күнүмдүк жыйыны учурунда күтүүсүз билдирген.

Түштүк Кореянын улуттук биригүү иштери боюнча министринин орун басары Чон Хэ Сондун айтымында, түндүк кореялыктар өз чечимин “жогорудан берилген көрсөтмө дегендей” түшүндүрүшкөн.

"Биздин өкмөт Түндүктүн чечимин өкүнүү менен кабыл алат. Буга чейин эки өлкө макулдашкандай, Түндүк биригүү бөлүмүндөгү өз кызматкерлерин ишти кадимкидей улантууга жөнөтөт деп үмүттөнөбүз".

"Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын байланыш бюросу" деп аталган биргелешкен орган азыр да техникалык жактан согуш абалында турган эки өлкөнүн президенттеринин былтыркы тарыхый жолугушуусунан кийин түзүлгөн. Ал эки өлкө ортосундагы карама-каршылыктарды жоюу багытында иш жүргүзөт.

Пхеньяндын өз кызматкерлерин чакыртып алуусу АКШ 21-мартта Түндүк Кореянын ракеталык-өзөктүк программасына байланыштуу киргизилген санкцияларды айланып өтүү үчүн Пхеньянга жардам берген эки кытайлык компанияга санкция киргизгенден кийин болуп отурат.

Ага чейин АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын 27-28-февралдагы Вьетнамдагы жолугушуусу ийгиликсиз аяктаган.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Гэн Шуан Бээжин кайсы бир өлкөнүн бир тараптуу санкцияларын тааныбай турганын эскертти:

"Эгер биздин кытайлык компаниялар же адамдар Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясын бузса, аны биз териштирибиз жана ички мыйзамдарыбызга ылайык, иликтөө баштайбыз. Ошол эле кезде кайсы гана өлкө болбосун, алардын бир тараптуу санкция киргизгенине каршыбыз".

АКШнын Каржы министрлиги Түндүк Кореяга мыйзамсыз таза мунай жеткирген жана андан көмүр экспорт кылган же ушул иштерге шектелген кемелердин тизмесин жаңыртты.

Ага бул жолу кытайлык Dalian Haibo International Freight Co Ltd жана Liaoning Danxing International Forwarding Co Ltd. компаниялары илинди. АКШ америкалык компанияларга жана жарандарга бул ишканалар менен кызматташууга тыюу салды. Аталган кытайлык компаниялардын өз аймагындагы активдерин камакка алды.

Dalian Haibo ишканасына буга чейин кара тизмеге киргизилген түндүк кореялык Paeksol Trading Corp компаниясы менен кызматташканы үчүн санкция салынган. Ал эми Liaoning Danxing Европа Биримдигинен товар сатып алууну көзөмөлдөгөн түндүк кореялык аткаминерлерге жардам көрсөтүп, “алдамчылык жолдорду ырааттуу түрдө колдонуп келгени” айтылат.

Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын Вьетнамда өткөн февралдагы саммити ийгиликсиз аяктаганына карабастан, Вашингтон Пхенян менен сүйлөшүүну уланта турганын билдирген.

Ошол эле кезде Түндүк Корея жапырт кыргын салуучу куралдан арылуу боюнча АКШ менен мындан аркы сүйлөшүүнү токтотушу ыктымал экенин эскерткен. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Цой Сон Хи 15-мартта Пхеньяндагы басма сөз жыйынында билдиргенин бир катар эл аралык маалымат каражаттары, орусиялык ТАСС агенттиги кабарлаган.

«АКШ бул ирет «алтын мүмкүнчүлүктү» өткөрүп жиберди», - деген Цой Ханойдо өткөн саммитти эске алып. 27-28-февралда өткөн экинчи жолугушууда АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлери келишимге жетише алган эмес.

Ал эми эки Кореянын учурдагы лидерлери Ким Чен Ын менен Мун Чжэ Ин биринчи жолу былтыр апрель айында чек арадагы демилитаризациялык аймакта жолугушкан. Анда эки тарап өзөктүк куралдан “толук” арылууну жана 66 жыл мурда токтогон корей согушуна акыркы чекитти коюну убада кылышкан. Түндүк менен Түштүк Корея андан кийин да эки ирет жолугушкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG