Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:00

Пхеньян куралдан кол үзө элек


"Tongchang-ri" курал сыноочу жайы. 8-август, 2012-жыл.
"Tongchang-ri" курал сыноочу жайы. 8-август, 2012-жыл.

Түндүк Корея курал сынап, ракета учурган жайын калыбына келтире баштаганы кабарланууда.

Эгер бул тууралуу маалымат чын болсо, ал АКШнын көңүлүн кайт кылган кабар болорун президент Дональд Трамп билдирди. Бул маалымат Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын өткөн жумада Вьетнамдагы саммити эч кандай макулдашуусу жок жана күтүлгөндөн эрте аяктагандан кийин болуп отурат.

АКШ президенти Дональд Трамп 6-мартта журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Түндүк Корея ракета учурган жайын калыбына келтире баштаганы тууралуу маалымат чын болсо, бул анын көңүлүн калтыра турганын билдирди:

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

- Эгер чындап эле ушундай болсо, анда менин абдан көңүлүм калат. Бул эми алдын ала гана маалыматтар. Бирок ошондой боло турган болсо, менин Ким Чен Ындан абдан көңүлүм калат. Бирок мен андай эмес деп ойлойм. Көрөбүз эмне болорун.

Акыркы жарыяланган маалыматка караганда, Түндүк Корея курал сынап, ракета учурган жайын жарым-жартылай калыбына келтире баштады. Былтыр АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Сингапурдагы тарыхый деп саналган биринчи жолугушуусунан кийин бул жай бузула баштаган.

5-мартта Сеулдун “Yonhap” кабарлар агенттиги Түштүк Кореянын Улуттук чалгын кызматынын маалыматына таянып, "Tongchang-ri" полигонунда иш жүрө баштаганын кабарлады. Маалыматка караганда, ал жердеги комплекстин чатыры жана эшиктери оңдолуп жатат.

Түндүк Кореянын Сохэ космодромунун спутниктен тартылышы. 2-март, 2019-жыл
Түндүк Кореянын Сохэ космодромунун спутниктен тартылышы. 2-март, 2019-жыл

АКШдагы эки иликтөө борбору да жандоочтон тартылган сүрөттөрдү көрсөтүп, иш жүрүп жатканын ырастады.

“Рейтер” агенттигинин корей бөлүмүнүн башчысы Со Юунг Ким кырдаалды мындайча чечмеледи:

- Түндүк Кореянын жападан жалгыз берген убадасы куралдарды сыноону токтотуу болгон. Азыркы учурда Түндүк Корея өзөктүк курал жасоону токтотот деген эч кандай келишим жок. Ал эми алар Ханойдо макулдашууга жетише албай калгандан кийин куралдануу боюнча программасын өз ыктыяры менен токтотууга дем берген жагдайлар аз болушу мүмкүн. Демек, эми бул багытта иш уланып жатканы боюнча көбүрөөк маалыматтарды көрүшүбүз ыктымал.

28-февралда АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Вьетнамдын борбору - Ханойдогу экинчи жолугушуусу эч кандай макулдашуусу жок жана күтүлгөндөн эрте аяктаган.

Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын Вьетнамдагы жолугушуусу. 28-февраль, 2019-жыл
Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын Вьетнамдагы жолугушуусу. 28-февраль, 2019-жыл

Дональд Трамп “Ким Чен Ын көп аймакта өзөктүк куралсыздандыруу иштерин жасоого даяр, бирок АКШ бул иштер башка аймактарда да жасалышын каалайт” деп айткан. Ошондой эле ал Түндүк Корея санкцияларды толук алып салууну талап кылып жатканын, АКШ буга даяр эместигин билдирген.

- Түндүк Кореянын көз карашында алар өз ыктыяры менен Пунгери өзөктүк сыноо полигонун жок кылып, Сохэ космодромун буза баштоо менен өз убадасын аткарып бүттү. Алар азыр АКШ жооп кадамга барган жок деп эсептеп жатышат. Ошондуктан азыр алар эгер макулдашуу болбосо, анда Түндүк Корея курал жасоо программасын улантат деп, АКШга белги берүүгө аракеттенет, - деди “Рейтер” агенттигинин корей бөлүмүнүн башчысы Со Юунг Ким.

АКШ БУУнун көп тараптуу жана өзүнүн бир тараптуу экономикалык санкциялары Пхеньян өзөктүк куралдан толук жана биротоло арылганын текшергенде гана жоюлушу керек деп эсептейт.

Былтыр 12-июнда Сингапурда Трамп менен Ким Чен Ын кол койгон документте Вашингтон "коопсуздук кепилдиктерин", ал эми Пхеньян "Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтууга" убада берген. Бирок андан кийин бул иштерди аткаруу жайлап калды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG