Кыргызстандын аймагында 23-25-апрелде туруксуз аба ырайы сакталып турат.
24-25-апрелдерде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.
Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй жана Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 12…17,
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 13…18,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5...10, күндүз 11...16,
Нарын аймагында түнкүсүн 5...10, күндүз 13…18,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 3...8 градус болот.
24-апрелде Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 8…10, күндүзгү жогорку температурасы 15…17 градус болот. (ErN)