Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:03

«Нур-Отан» Токаевдин талапкерлигин бир добуштан колдоду


«Нур-Отандын» Нур-Султан шаарындагы курултайы. 23-апрель, 2019-жыл.
«Нур-Отандын» Нур-Султан шаарындагы курултайы. 23-апрель, 2019-жыл.

Казакстандын бийликтеги «Нур-Отан» партиясы азыркы президент Касым-Жомарт Токаевди 9-июнда өтө турган чукул президенттик шайлоого талапкер катары бекитти.

Анын талапкерлигин көрсөтүү тууралуу партиянын төрагасы Нурсултан Назарбаевдин сунушун 23-апрелде Нур-Султан шаарындагы курултайга чогулган делегаттар бир добуштан колдошту.

Анын алдында «элбашы» Токаевди «тажрыйбалуу саясатчы» деп мүнөздөп, партия мүчөлөрүн анын талапкерлигин колдоого чакырган. «Мен Токаевге толук ишенем. Менин бардык демилгелеримди колдоп, ишенимдүү шерик болду», - деп айткан Назарбаев.

Казакстанда президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жараяны 28-апрелде аяктап, аларды каттоо 11-майда жыйынтыкталат.

Назарбаев дээрлик 30 жылдан кийин мамлекеттин башчылыгынан кетсе да бийликтеги партиянын төрагасы бойдон калып, Казакстандын Коопсуздук кеңешин жетектеп келет.

XS
SM
MD
LG