Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:20

КСДП Кызыл-Омполдогу уран кенин иштетүүгө каршы чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) экс-президент Алмазбек Атамбаев төрагалык кылган тобу Кыргызстандын аймагында уран кенин иштетүүгө каршы экенин кабарлап, атайын билдирүү таратты.

«2013-жылы Кыргыз Республикасынын демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясы «Борбор Азиядагы радиациялык коркунучтун алдын алууда эл аралык коомчулуктун ролу жөнүндө» резолюция кабыл алган. 2017-жылы биздин партиянын лидери Алмазбек Атамбаев өзүнүн БУУнун Башкы ассамблеясында чыгып сүйлөгөн сөзүндө бул маселени кайрадан көтөргөн жана уран иштетүүдөгү коркунучтар туурасында билдирген»,-деп айтылат документте.

Партия өз мүчөлөрү буга байланыштуу нараазылык акцияларына жигердүү катышаарын билдирип, президенттен жана өкмөттөн уран кенин иштетүүгө жол бербөөнү талап кылган.

Коомчулукта Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы маанай кийинки күндөрү күчөп кеткен. Буга байланыштуу бир катар нааразылык акциялары өттү.

22-апрелде өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев уран кенинин ишин экологиялык экспертиза аяктаганга чейин токтотуп турууну тапшырган.(ErN)

 

 

XS
SM
MD
LG