Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Токаев казак тили боюнча сынактан ийгиликтүү өттү


Касым-Жомарт Токаев «Нур-Отан» партиясынын Нур-Султан шаарындагы курултайында. 23-апрель, 2019-жыл.
Касым-Жомарт Токаев «Нур-Отан» партиясынын Нур-Султан шаарындагы курултайында. 23-апрель, 2019-жыл.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «Нур-Отан» партиясынын атынан президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөндөн көп өтпөй казак тилинен сынакты ийгиликтүү тапшырды. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Токаев сынак маалында «Абай Кунанбаевдин поэзиясы менен прозасы» деген темада дилбаян жазып, Шерхан Муртазанын «Миң булак» аттуу повесттер жыйнагынан үзүндү окуп берген. Ошондой эле комиссиянын мүчөлөрү менен «Азыркы Казакстандын геосаясаты» деген темада оозеки түрдө баарлашкан.

Токаев казак тили боюнча сынак тапшырган биринчи талапкер болуп калды. Анын алдында бийликтеги «Нур-Отан» партиясы Касым-Жомарт Токаевдин президенттикке талапкерлигин бир добуштан колдогон болчу.

Нур-Султан шаарында бүгүн өткөн курултайда партиянын төрагасы Нурсултан Токаевди «тажрыйбалуу саясатчы» деп мүнөздөп, партия мүчөлөрүн анын талапкерлигин колдоого чакырган.

Казакстанда президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жараяны 28-апрелде аяктап, аларды каттоо 11-майда жыйынтыкталат. Назарбаев дээрлик 30 жылдан кийин мамлекеттин башчылыгынан кетсе да бийликтеги партиянын төрагасы бойдон калып, Казакстандын Коопсуздук кеңешин жетектеп келет.

XS
SM
MD
LG