Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:47

РИА: Ким Чен Ын менен Путин Владивостокто жолугат


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана орус лидери Владимир Путин.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана орус лидери Владимир Путин.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен орус президенти Владимир Путин 25-апрелде Орусиянын Владивосток шаарында жолукмай болушту. Бул маалыматты Кремль расмий түрдө ырастаганын Орусиянын «РИА-Новости» мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады.

«Алгач алар өз алдынча, андан соң делегациялар менен чогуу сүйлөшөт. Документтерге кол коюу жана бирдиктүү билдирүү жасоо пландалган жок», - деп айтылат агенттиктин «Твиттерге» жарыяланган маалыматында.

Мунун алдында Түндүк Кореянын да мамлекеттик маалымат каражаттары өлкө лидери Ким Чен Ын жакынкы күндөрү президент Путиндин чакыруусу менен Орусияга бара турганын кабарлашкан эле. Бирок алар жолугушуу качан, кайсы жерде өтөөрүн так билдиришкен эмес.

Эки лидердин болжолдуу кездешүүсү тууралуу кабарлар АКШ Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу маселеси боюнча Түндүк Кореяны кепке келтирүүгө аракет кылып жаткан учурда чыгып жатат.

Февралдын акырында Ханойдо Ким Чен Ын менен болгон экинчи жолугушууда АКШнын президенти Дональд Трамп саммитти чукулунан токтотуп, биргелешкен билдирүү жасоодон баш тарткан.

XS
SM
MD
LG