Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгы бала бакчада бир керебетте үчтөн-төрттөн жана жерде жаткан балдардын видеосу боюнча маалымат таратты.
Башкармалыктын билдиргени боюнча, видео Касым конушундагы №1 бала бакчада тартылган.
19-апрелде имаратты сырдап, оңдоо иштери жүргүзүлгөндүктөн балдар убактылуу бир бөлмөдө жатышкан.
Жетекчиси Айнагүл Малдыбаева бала бакчада бардык шарт түзүлгөнүн кабарлады.
140 орундуу бул бала бакча 2008-жылы ачылган, бирок учурда 290 бала тарбияланып жатат.
Акыркы жылдары Бишкекте мамлекеттик бала бакча тартыштыгы күч алып турат. (TSh)