Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Рахмон Интернеттин баасын мурдагы калыбына келтирүүнү тапшырды


Тажик президенти Эмомали Рахмон.
Тажик президенти Эмомали Рахмон.

Тажик президенти Эмомали Рахмон өкмөттүн Интернеттин баасын көтөрүү боюнча чечимин жокко чыгарды. Анын басма сөз катчысы Абдулфаттох Шарифзода «Азаттыктын» тажик кызматына билдиргендей, Рахмон Интернеттин тарифтерин мурдагы калыбына келтирүүнү Монополияга каршы кызматка тапшырды.

Анын алдында дал ушул өкмөттүк мекеменин жетекчиси Сади Кодирзода «башка ишке өткөнүнө байланыштуу» деген жүйө менен кызматтан алынган. Көп өтпөй Кодирзода президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган.

18-апрелде Монополияга каршы кызмат Тажикстандагы Интернет байланыштарынын акысын кеминде эки эсе кымбаттаткан. Ага ылайык, тажик колдонуучулары буга чейин 30-35 сомониден сатылып келген 1 Гб (1024 Мб) Интернет үчүн кеминде 62 сомони же 6,5 доллар төлөй башташкан.

Өкмөттүн мындай чечиминен кийин Дүйшөмбү шаарынын тургундары жаңы тарифтерди жокко чыгарыш үчүн президент Эмомали Рахмонго кайрылуу даярдап, кол топтоп жатышкан.

XS
SM
MD
LG