Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:10

«Ата Мекен»: 3-майда митинг болбойт


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Жогорку соттун коллегиясы «Ата Мекен» партиясынын лидери, түрмөдөгү саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо боюнча отурумун 3-майга белгилеген. Себеби ишке катышып жаткан прокурор материалдар менен тааныша элек экенин айтып, карап чыгууга убакыт сураган. Сот анын өтүнүчүн канааттандырды.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов 3-майда сотко жактоочулар жана тарапташтар гана барарын маалымдады.

Жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кылмыш ишин кайра кароо тууралуу өтүнүч менен 15-февралда «Адилет» укуктук клиникасы Жогорку сотко кайрылган. Иш кайра карала турганы март айында белгилүү болуп, 23-апрелге белгиленген.

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон. Алардын адвокаттары 2018-жылы ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберип, бирок Башкы прокуратура андан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG