Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:02

«Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы басма сөз жыйынын өткөрөт


Бүгүн, 24-апрелде Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин чалгындап жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» ишканасы коомчулукта айтылып жаткан дооматтар боюнча басма сөз жыйынын өткөрөт.

Ушул эле күнү жарандык активисттер да «Кыргызстанда уран кенин иштетүү керекпи?» деген темада басма сөз жыйынын уюштурушат.

Ага Ысык-Көлдөн келген жергиликтүү тургундар, экологдор катышат. Уюштуруучулардын бири жарандык активист Болотбек Батилов басма сөз жыйынынан сырткары жакынкы күндөрү бардык тараптардын катышуусунда талкуу өткөрүүнү пландалып жатканын билдирди.

Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы маанай кийинки күндөрү күчөдү.

Жарандык активисттер «Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга онлайн түрүндө кол чогултуп жатышат.

Өкмөт кенди чалгындоо иштерин убактылуу токтотконун маалымдаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG