Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Сириядан кайткан кыргызстандык кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сирия аймагында диверсиялык даярдыктан өтүп, согуштук аракеттерге катышып келгени кабарланган 28 жаштагы кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган адам 2016-жылы эл аралык террордук уюмга кошулуп кеткени такталып, издөөдө жүргөн.

«Ал 2018-жылдын ноябрь айында уюмдун башчыларынын тапшырмасы менен Кыргызстанда жашыруун уюмча (ячейка) түзүш үчүн кайтып келген. Колго жасалган жардыргыч заттарды жана ок атуучу куралдарды колдонуу менен террордук чабуулдарды ишке ашырууну көздөп жүргөн. Борбор Азия өлкөлөрүнөн «куралдуу жихад» жүргүзүү максатында Сириядан согушкерлердин келишин күтүп жаткан учурда кармалган» дейт УКМК.

Бул факт боюнча УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Жазык кодексинин 243-беренеси («Кыргызстан жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук даярдыктан өтүшү») боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат.

Кармалган адам УКМКнын тергөө-камак жайына киргизилди. (ErN)

XS
SM
MD
LG