Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясынын (А.А.) мыйзамсыз аракеттери жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы кызматы топтогон материалдардын негизинде кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Жаркынай Азиева билдирди.
Коррупцияга каршы кызмат факт боюнча аталган сотко карата «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодекстин (2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготкон) 238-беренеси («Айдоочулардын же башка адамдардын транспорт каражаттарын мас абалында айдашы, ошого тете эле транспорт каражатын мас абалындагы адамга айдоого берүү») менен 2018-жылы иш козгогон.
Териштирүүлөрдөн кийин Башкы прокуратура ишти Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») 4-пунктунун негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады.
Ишти сотко чейинки өндүрүшкө алуу УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылды. (ErN)