Ушул күндөрү Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп жаткан жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык Муртазали Муртазалиев дүйнө чемпиону болду. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Муртазалиев 30 жаштан 35 жашка чейинки күрөң белбоо чеберлери арасында 77 килограмм салмакта күч сынашты.
Ал алгач 1/8 финалында сингапурдук Ян Вэй Кванды, чейрек финалда Тиаго Силваны, жарым финалда орусиялык Адлан Жабралиевди жеңди. Финалда колумбиялык Вильям Кампосомду 4:0 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону аталды.
Муртазали Муртазалиев 31 жашта. Жиу-житсунун не-ваза түрүнөн Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси. 2018-жылы өткөн Азия оюндарында коло, Европа чемпионатында алтын медаль тагынган.
Буга чейин бул дүйнө чемпионатында ак белбоого ээ болгон спортчулар арасындагы мелдештерде Александр Чурсин (77 кг) алтын медалга ээ болгон. Ушул эле категорияда (ак белбоо) кыз-келиндер арасында Малика Боотаева (62 кг) жана эркектер арасында Бектур Табылдиев (66 кг) күмүш байге алышкан. Дагы бир күмүш байгени күлгүн белбоочон спортчулар арасында Тимурлан Байсеркеев (69 кг) алды.
Мелдешке кыргызстандан 13 спортчу катышып жатат. Дүйнө чемпионаты 27-апрелде жыйынтыкталат. (GT)