Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Өкмөт: Айыл чарбасы мезгил талаптарына жооп бербей жатат


Ош базары.
Ош базары.

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу калктын 23% айыл жериндегилер түзгөнү менен бул тармактагы абал учур талабына жооп бербей жатат. Бул тууралуу бүгүн парламентте сүйлөп жатып премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди:

- Айыл чарбасы бүгүн мезгил талаптарына жооп бербейт. Уюштуруу системасы чаржайыт. Чарба жүргүзүүчү майда субъектилер көп. Өндүрүү, кайра иштетүү сыяктуу чынжырда инновациялык агромаркетинг жок. Мунун айынан аймактарда социалдык-экономикалык абал жакшы эмес. Инфратүзүмү, мүмкүнчүлүктөрү жана туризмдин дарамети толук пайдаланылбайт.

Расмий статистикага караганда, Кыргызстанда жалпы элдин 60% айыл калкы.

Быйыл картөшкө айдаган дыйкандар өндүрүмүн сата албай, көбү чыгымга учурады.

Өкмөт башчы белгилегендей, соңку жылы өлкөнүн ички дүң өнүмү 557 млрд. сомду түзүп, курулушта 7,8%, өнөр жайында 5,5%, айыл чарбасында 2,7% өсүш катталды. (RK)

XS
SM
MD
LG