Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Кызыл-Омпол боюнча митинг 29-апрелге пландалууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

29-апрелде Тоңдо Кызыл-Омпол кенине байланыштуу кезектеги митинг өткөнү жатат. Бул тууралуу 24-апрелде Жогорку Кеңеште депутат Алтынбек Жунус уулу билдирди:

- Элдин талабы өтө катуу болуп жатат. Балыкчы эле шаарынын эмес, Тоң, Кочкор райондорунан да чыгып жатышат. Алар 29-апрелде дагы митингге чогулууда.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул жердеги кен маселеси элдин пикирин эске алуу менен чечилерин айтып, пландалып жаткан митингге биринчи орун басары барып катышарын билдирди:

- Элдин пикирин угуудан качпайбыз. Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов барат. Комиссиянын мүчөлөрү, адистер барат. Эң башкысы – комиссиянын корутундусун бир угалы. Нааразылык билдирип жаткан эл менен баарыбыз кеңешип, анан чечебиз.

Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кениндеги чалгындоо иштерине байланыштуу өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Ал 20-апрелде абал менен жерине барып таанышкан.

Соңку күндөрү коомчулукта бул уран кенин иштетүүгө каршы маанай күчөдү.

Кенди чалгындап жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» ишканасы Орусия менен Кыргызстандын биргелешкен компаниясы. Анын өкүлү Андрей Акимов 24-апрелде долбоор тууралуу азыр айтылып жаткан маалыматтардын 90% ашыгы жалган экенин, ага карабай компания Ысык-Көлдөгү уран казуу боюнча долбоорду токтоторун билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG