Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Бекешев: Майыптар чыга албаган автобустар сатып алынды


Бишкек шаарына сатып алынган жаңы автобустар. 24-апрель, 2019-жыл.
Бишкек шаарына сатып алынган жаңы автобустар. 24-апрель, 2019-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өкмөттүн отчетун угуу учурунда Бишкек шаарына сатылып алынган жаңы автобустар тууралуу сөз кылып, аларды «майыптарга ыңгайлуу эмес» деп сынга алды:

- Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар боюнча азыр конвенцияга кол коюлду. Эми аны ишке ашыруу жагын алсак, дайыма «жардам берип жатабыз» деп айтып келатабыз. Бирок бүгүн эле жаңы 60 автобус келди, бири да мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ылайыкташпаптыр. Муну кандай бааласак болот?

Ага жооп берген вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова конвенциянын шартына ылайык транспорттун кире бериши жана аялдамалар төмөн болушу керек экенин моюнга алып, муну «карап чыгууга» убада берди.

Кытай мамлекетинен алынып келген жаңы 60 автобус Бишкек шаарына жеткирилип, 24-апрелде пайдаланууга берилди. Аны тендерден утуп алган кытайлык ZHENGZHOU YUTONGBUS CO., LTD компаниясы 301,2 миллион сомго алып келгени кабарланды.

Cүрөттөрдөн жана видеодон көрүнүп тургандай автобустардын эшиктеринде бийик тепкичтер орнотулган. (ErN)

XS
SM
MD
LG