Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:10

Донецк менен Лугансктын тургундары үчүн орус паспортун алуу жеңилдеди


Орусиянын президенти Владимир Путин.
Орусиянын президенти Владимир Путин.

Украинанын чыгышындагы орусиячыл козголоңчулардын карамагындагы Донецк жана Луганск облустарынын жашоочулары үчүн орус паспортун алуу тартиби жеңилдеди. Тиешелүү жарлыкка орус президенти Владимир Путин 24-апрелде кол койду. Украина менен Батыш мамлекеттери сындап чыгышы мүмкүн болуп турган жарлык Кремлдин расмий сайтына жайгаштырылды.

Документке ылайык, Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн бул аймактардын тургундары орус жарандыгын оңой ала алышат. Жарлыкта мындай чечим «адам укуктары менен эркиндигин коргош үчүн жана гуманитардык максатта кабыл алынганы» айтылат. Ошондой эле бардык каалоочулар Орусиянын Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрүнө арыз менен кайрылса болору, алар эки аймактын бийлиги тарабынан берилген, жашаган жерди ырастаган документти да тапшырышы керек экендиги белгиленген.

Путин 17-апрелде Донбассга, Түштүк Осетияга жана Абхазияга көз салган президенттин карамагындагы башкармалыктын жетекчисин алмаштырган. Буга чейин маалымат каражаттары орус бийлиги Донбасстын Украинанын көзөмөлүнөн чыккан райондоруна да паспорт берүүнү пландап жатканын жазып чыгышкан.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков андан кабары жок экенин билдирген.

Орус президентинин жарлыгы Украинада жаңы президент шайлангандан үч күндөн кийин чыкты.

Украина Тышкы иштер министри Павел Климкин жарлыкты «агрессиянын уландысы жана өлкөнүн ички ишине кийлигишүү» деп баалап, Орусияны жактаган жикчилдердин карамагындагы украин жарандарын орус атуулдугун кабыл албоого чакырды.

XS
SM
MD
LG