Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:47

БУУ: Ооганстанда курмандыктар азайды


Кабулдагы кол салуудан жарадар болгон жаранды ооруканага жеткирүү учуру. 7-март, 2019-жыл.
Кабулдагы кол салуудан жарадар болгон жаранды ооруканага жеткирүү учуру. 7-март, 2019-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) билдирүүсүнө караганда, быйылкы жылдын алгачкы үч айында мурдагы жылдын ушул убагына салыштырмалуу Ооганстанда карапайым эл арасында курмандыктар 23 пайызга азайды.

БУУнун маалыматына ылайык быйыл январдан мартка чейин Ооганстанда 581 киши өлтүрүлгөн, 1200гө жакыны жарадар жана майып болгон.

БУУнун Ооганстанга көмөк көрсөткөн миссиясы муну кышкы ызгаарга жана жанкечтилердин чабуулунун кескин азайганына байланыштырууда. Ошол эле кезде уюм өкмөткө кастарын тиккен «Талибан» же «Ислам мамлекети» экстремисттик топтору карапайым эл арасындагы курмандыктардын жарымынан көбүнө жоопкер экенин кошумчалады. Мындан тышкары 2019-жылдын алгачкы үч айында АКШ менен ооган өкмөтүнүн аба соккулары 145 карапайым жарандын өмүрүн алганы белгиленген.

Билдирүүдө курмандыктардын азайышы «Талибан» менен АКШ өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнө байланышы бар-жогу белгисиз экени жазылган.

XS
SM
MD
LG