Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:02

Шавкат Мирзиёев Бээжинге барды


Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бээжинге жумушчу сапар менен барды. Мирзиёев «Бир алкак - бир жол» эл аралык форумуна катышарын президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Аны «Шоуду» эл аралык аэропортунан Кытайдын расмий өкүлдөрү тосуп алды.

Саммитке кырктан ашуун өлкөнүн башчылары, өкмөт өкүлдөрү жана эл аралык уюмдар катышкан. Күн тартибинде экономикалык алака, кызматташтыктын жаңы жолдору, аймактагы маанилүү деген «жашыл экономиканы» жана инновацияны ишке ашыруу сыяктуу маселер каралат. Форумдагы негизги иш-чаралар 25-апрелде башталат.

Шавкат Мирзиёев Кытайдын лидери Си Цзинпин баштаган бир катар өлкөлөрдүн мамлекет башчылары менен жолугат. (TSh) ​

XS
SM
MD
LG