Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:43

Сот залынан качып кетип эл аралык издөөгө алынган шектүү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

23-апрель күнү эл аралык издөөдө жүргөн К.Назаров аттуу шектүү кармалганын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Ал Бишкек шаарынан чыгып кетүүгө аракет кылган.

Кармалган шектүүгө бир нече берене менен кылмыш иши козголгон. Тактап айтканда, ал мамлекеттик органдагы кызмат адамдары менен келишип алып, экономикалык кылмыш кылган деп шек саналууда.

Ага Бишкек шаарынын прокуратурасы Жазык кодексинин 304-беренесинин 1-бөлүмү («Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу»), 183-беренесинин 1-бөлүмү («Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу»), 166-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш ишин козгогон. 2018-жылдын 15-апрелинде шектүү жогорудагы беренелер менен кармалып, бөгөт чарасын кароо учурунда Ленин райондук сот залынан качып кеткен.

Азыркы убакта ал Бишкек шаардык ичик иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. (TSh)

XS
SM
MD
LG