Экс-президент Алмазбек Атамбаев жетекчилик кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсүнүн арызы менен Жалал-Абаддын Сузак райондук милициясында иш ачылганы белгилүү болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Андан алынган маалыматка ылайык, Жоруктар жөнүндө кодекстеги «Бейбаштык» беренеси менен иш козголгон. Бул беренеге ылайык, күнөөлүү адам коомдук ишке тартылат же айып төлөйт.
1-апрелде КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева анын артынан күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү тынбай аңдып жүргөнүн жана 30-31-мартта Жалал-Абад облусу боюнча өткөн партиянын жыйынында ар кандай тоскоолдукка кабылып, чагым жасалганын айтып чыккан. Ал бул тууралуу жергиликтүү милицияга арыз жазганын билдирген. (TSh)