Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Бала сатуу боюнча сотто күбө ымыркай үчүн 2800 доллар бергенин айтууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

24-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бир нече ымыркайды саткан деген шек менен айыпталып жаткандардын сот жараяны өттү.

Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкери, «сатылып кетти» деген ымыркайлардын мыйзамдуу өкүлү катары сотко катышып жаткан Гүлзина Бообекова маалымдады. Анын айтымында, сатылганы кабарланган балдарды асырап алган Светлана Брыкова жана жакындары күбө катары өттү.

24.kg маалымат агенттиги Орусиянын жараны Светлана Брыкова Назира деген аялдан Кыргызстандагы ата-энеси аркылуу 2800 доллар берип, бала асырап алганын айтып бергенин жазды. Брыкова ымыркайды мыйзамсыз асырап жатканын билген эмес жана ага тийиштүү документ ала албай койгон.

Сот 15-майда улантылат. Учурда кылмышка шектүү катары жети киши айыпталып, төртөө камакта отурат. Үчөө үй камагында. Эки шектүү документ жасоо боюнча кылмышты мойнуна алган.

Буга чейин Ички иштер министрлиги уюшкан топ 2016-жылдан бери ар кандай шартта баласынан баш тарткан аялдардын наристелерин башка бирөөлөргө берип жүргөнүн маалымдаган. Коомчулукту сестендирген окуя боюнча Жазык кодексинин 124-беренеси («Киши сатуу») менен иш козголгон.

Тергөө убагында алты бала ар башка үй-бүлөлөргө сатылганы айтылган. Ымыркайлардын алды 2,2 жашта болсо, кичүүсү былтыр августта төрөлгөн. Наристелер болжол менен 1,5-2 миң долларга бааланган. (TSh)

XS
SM
MD
LG