Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:58

Бишкектеги жол кырсыгында эки киши каза болуп, экөө жабыркады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түштүк магистралда 25-апрелде түнкү саат 2:00 чамасында жол кырсыгы болуп, эки киши оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкек шаардык Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, кырсык «Ала-Тоо» ресторанынын маңдайында болгон. «Mercedes-Benz» автоунаасынын 18 жаштагы айдоочусу катуу ылдамдыкта баратып, жолдун четиндеги тосмону сүзгөн. Натыйжада машине күйүп кеткен. Андагы эки киши ооруканага жеткирилди.

24-апрелде 13:30дагы жол кырсыгында эки киши каза болду. Мессарош көчөсүндө «Honda Fit» автоунаасынын айдоочусу башкарууну жоготуп, эки жөө жүргүнчүнү коюп кеткен. Алардын бирөө кырсык болгон жерде, экинчиси ооруканада жан берди. Айдоочу ооруканага жаткырылды. Эки окуя боюнча тең териштирүү жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG