Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 09:25

Украина орус паспортторуна байланыштуу БУУга кайрылды


БУУ менен Украинанын желектери.

Орусия президенти Владимир Путиндин Украинанын чыгышындагы жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактардын жашоочуларына орус паспортторун берүүнү жеңилдетүү жөнүндөгү жарлыгына байланыштуу Киев БУУнун Коопсуздук Кеңешине кайрылды. Бул тууралуу Украинанын БУУдагы туруктуу өкүлү Владимир Ельченко билдирди.

Дипломат Орусия Минск келишимин бузуп жатканын айтты. Буга чейин Украинанын жаңы президенти Владимир Зеленскийдин штабы паспорт берүүнү жеңилдетүүгө байланыштуу дипломатиялык жана санкциялык басымдарды күчөтүүгө үндөгөн.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин Украина боюнча атайын өкүлү Курт Волкер жаңжал жүрүп жаткан аймактардын жашоочуларына жарандык берүүнү чагымчыл аракет катары баалап, бул идея «оккупациялоо планынан» алынганын белгилеген.

Шаршембиде Орусия президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдер көзөмөлдөгөн райондордун жашоочуларына жеңилдетилген түрдө орус паспортун берүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Кремлдин сайтында жарыяланган документке караганда, жарандык берүүнүн шарттарын жеңилдетүү «гуманитардык максатты», адам укуктарын жана эркиндигин коргоону көздөйт.

XS
SM
MD
LG