Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Ким Чен Ын менен Путин өзөктүк программа тууралуу сүйлөштү


Ким Чен Ын менен Владимир Путин. Владивосток шаары. 25-апрель, 2019-жыл.
Ким Чен Ын менен Владимир Путин. Владивосток шаары. 25-апрель, 2019-жыл.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Орусиянын президенти Владимир Путин Ыраакы Чыгыштагы Владивосток шаарында 25-апрелде жолугушту. Тараптардын кездешүүсү шаардагы Федералдык Ыраакы Чыгыш университетинин кампусунда өттү. Алгач алар дээрлик эки саат бою көзмө-көз сүйлөштү. Андан кийин жыйынга эки мамлекеттин тиешелүү жетекчилери кошулду.

Жолугушуудан соң Ким Чен Ын Путин менен «абдан маанилүү» сүйлөшүү болгонун айтты.

- Биз азыр эле эки тараптуу кызыкчылыктарды жактаган маселелер боюнча мазмундуу пикир алмаштык, - деген Ким орус президенти менен «маселени тынч жөнгө салуунун жолдору талкууланганын» кошумчалады.

Өз кезегинде Путин Ким Чен Ын менен Пхеньяндын өзөктүк программасы боюнча каршылыктарды чечүү багытында сүйлөшүү болгонун белгиледи.

Ким Орусия менен Түндүк Корея чектешкен Ыраакы Чыгыштагы Владивостокко 24-апрелде чопкутталган поездде келген.

Эки өлкө жетекчилеринин биринчи жолку бетме-бет жолугушуусу Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу боюнча АКШ менен Түндүк Кореянын сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыкпагандан кийин болду.

Трамп менен Ким буга чейинки эки саммитте өзөктүк келишим тууралуу орток пикир таба алган эмес. Трамптын администрациясы үчүнчү жолугушууну өткөрүүнү сунуш кылды, бирок Пхеньян ага мамлекеттик катчы Майк Помпеону катыштырбоону Вашингтондон талап кылып келе жатат.

XS
SM
MD
LG