Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Президент Сооронбай Жээнбеков Бээжинге учуп кетти


Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.
Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-апрелде «Бир алкак – бир жол» форумуна жана «Дүйнөлүк бак өстүрүү - 2019» көргөзмөсүнө катышуу үчүн Кытайдын Бэээжин шаарына жумушчу сапары менен учуп кетти.

Президенттин басма сөз кызматы иш сапарынын алкагында өлкө башчысы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, бизнес-компаниялардын жетекчилери жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушарын билдирди.

Сооронбай Жээнбеков менен кошо тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов кетти.

2013-жылы башталган «Бир алкак - бир жол» долбоору Кытайды Европа, Африка жана Азиянын башка аймактары менен туташтыруучу транзиттик жана энергетикалык инфратүзүм курууга багытталган. (BTo)

XS
SM
MD
LG