Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:53

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Шашылыш билдирүү: 26-28-апрелдерде түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн.

25-27-апрелдерде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн, тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү күтүлөт.

26-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15,

Талас жергесинде түнкүсүн -1…-3, күндүз 8…13,

Баткен облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14,

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 4…6°, күндүзгү жогорку температурасы 13…15° болот.

XS
SM
MD
LG