Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:33

Балбан Алигаджи Гамидгаджиев Азия чемпионатында күмүш байге алды (видео)


Алигаджи Гамидгаджиев.
Алигаджи Гамидгаджиев.

Кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбан Алигаджи Гамидгаджиев ушул күндөрү Кытайдын Сиань шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш байгенин ээси болду.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Гамидгаджиев 24-апрелде эркин күрөштөн 86 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, төрт беттеш өткөрдү. Ал алгач монголиялык Ганхуяк Ганбаатарды (4:2), чейрек финалда жапониялык Такахиро Мураяманы (15:7), жарым финалда Абдурасул Вахобовду (10:7) жеңди. Бирок алтын байге үчүн болгон финалдык таймашта ирандык Камран Гхорбан Гхасемпурга (10:0) жеңилип, күмүш байге алды.

Бул күнү кыргыз балбандарынан Ильгиз Жакыпбеков (74 кг) коло байге үчүн таймашта ирандык балбанга бир упай айырмасы менен жеңилди (8:9).

Буга чейин эркин күрөштө балбан Ойбек Насиров (79 кг.) коло медаль тагынып, быйылкы Азия чемпионатындагы алгачкы байгени Кыргызстандын эсебине жазган.

23-апрелде башталган чоңдор арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионаты 28-апрелге чейин уланат. Жалпысынан эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшүнөн 30 комплект байге ойнотулат. Бүгүн, 25-апрелде кыз-келиндер күрөшүнөн Кыргызстандын атынан Мээрим Жуманазарова (68 кг) жана Айпери Медет кызы (76 кг) килемге чыкты. Мээрим Жуманазарова 3-орун үчүн беттеште казакстандык Ирина Казюлинаны жеңип (10:0), коло байге алса, Айпери Медет кызы 3-орун үчүн таймашта түштүк кореялык Еунжу Хвангга жеңилип, мелдештерин байгесиз жыйынтыктады. (ECh).

XS
SM
MD
LG