Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:52

Мэрия таштандыны кайра иштетүүчү ишканага тендер жарыялады

Бишкек мэриясы таштандынын бардык түрүн кайра иштетүүчү ишканага тендер жарыялаганын маалымдады. Тендер эки баскыч менен өткөрүлүп, алгач техникалык гана сунуштар кабыл алынат. Экинчи баскычта сунуштар талкууланып, буйрутма берген тараптын пикири эске алынышы керек.

Тендердин алгачкы туруна катышуу үчүн сунуштар 7-июнга чейин берилиши зарыл. Андан кийин сунуштар менен кошо 150 миң евро каражаты кепилдик катары төлөнүшү керек. 

Бул долбоор жалпы 22 млн еврого бааланып жатат. Каражатты Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы 11 миллионун грант катары, ал эми калганын 20 жылга эки пайыз менен насыя катары берип жатат.

  

 

Шаар бийлигинин Бишкектин сыртында таштанды төгүүчү полигон курулат деген демилгесине көп жыл болду. (TSh)

XS
SM
MD
LG