Парламенттеги бир катар депутаттар «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндөгү» мыйзамга петиция жана онлайн түрүндө кол чогултууну киргизүүчү долбоорду сунуш кылып жатышат.
Бүгүн 26-апрелде Бишкекте мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун жана петициянын механизмдерин иштеп чыгуу боюнча коомдук талкуу өтөт.
Демилгечилердин бири, депутат Дастан Бекешов мыйзам долбоорунун өзөгүн мындайча түшүндүрдү:
- Мисалы, бир маселе боюнча беш миң кол топтолсо парламенттеги комитет карашы керек. Ал эми 10 миң кол топтолсо парламенттин жалпы жыйынында каралат. Азыр онлайн кол топтоо чет өлкөлүк сайттар аркылуу жүргүзүлүп жатат. Биз жергиликтүү сайттарга кол топтоону сунуш кылып жатабыз.
Бул мыйзам долбоорун жалпысынан он чакты депутат сунуш кылып жатат.
Кыргызстанда ар кандай маселелерде кагаз же онлайн түрүндө миңдеген кол топтолгон учурлар арбын кездешет. Бирок учурда кол топтоонун эч кандай юридикалык күчү жок. (TSh)