Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:08

Бүгүн Бишкекте уран казууга каршы акция өтөт


Бүгүн 26-апрелде Бишкектин Ала-Тоо аянтында айрым жарандар Кыргызстан аймагында уран кенин казууга таптакыр тыюу салуу талабы менен акцияга чыгышат.

Алар кыргыз өкмөтүнөн өлкөнүн бардык аймактарынан уран казууга канча лизенция берилгени боюнча маалымат берүүнү талап кылышат.

Уюштуруучулардын бири Назикбек Кыдырмышев мындай деди:

- Бул маселе жалаң эле Ысык-Көлгө тиешелүү эмес. Эртең Ысык-Ата, Кочкордон казып Кара-Балтадан иштете бериши мүмкүн. Биз уран казууну жана кайра иштетүүнү толук токтотууну талап кылабыз. Анткени кайра иштетүүдө деле уу калдыктарын сактоо жайы пайда болот.

25-апрелде Кызыл-Омпол кени боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарып алынып, кенди иштетүүгө толук тыюу салынганы белгилүү болгон. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Тоң районунун тургундары менен жолугушкан учурда айткан.

22-апрелде Кызыл-Омпол уран кенинин иши убактылуу токтотулган. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 24-апрелде парламентте уран кенинде иштеп жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы 2004-жылы каттоодон өткөнүн, 2010-жылы кенди геологиялык изилдөөгө уруксат алганын билдирген.

2012-2014-жана 2015-жылы лицензиялык келишим узартылган.

XS
SM
MD
LG