Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Жээнбеков «Бир алкак – бир жол» форумунун ачылышына катышты


«Бир алкак – бир жол» экинчи форумунун ачылыш аземи.
«Бир алкак – бир жол» экинчи форумунун ачылыш аземи.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-апрелде Кытайдын Бээжин шаарында «Бир алкак – бир жол» экинчи форумунун ачылыш аземине катышты.

Анда Кытайдын төрагасы Си Цзинпин, Орусиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев, Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мохамад, БУУ Башкы катчысы Антониу Гутерреш жана башка делегация башчылары сөз сүйлөштү.

Форумдун ишине 187 өлкөнүн делегациялары катышып жатат, анын ичинде 37 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары келген.

Президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдиргендей эртең, 27-апрелде Сооронбай Жээнбековдун «Бир алкак – бир жол» форумунун биринчи сессиясында сөз сүйлөшү күтүлүүдө.

2013-жылы башталган «Бир алкак - бир жол» долбоору Кытайды Европа, Африка жана Азиянын башка аймактары менен туташтыруучу транзиттик жана энергетикалык инфратүзүм курууга багытталган. (BTo)

XS
SM
MD
LG