Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай долбоор «Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында гемодиализ кызматтарын уюштуруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашты. Ага Фрезениус Медикал Кэйр (Германия Федеративдүү Республикасы) компаниясы көмөк көрсөттү.
Клиника 11 жаңы диализ жабдуулары менен жабдылган. Диализ борборунда 11 квалификациялуу кызматкер иштейт, анын ичинде дарыгерлер, медайымдар жана техникалык жумушчулар бар. Алардын баары кошумча окутуудан жана квалификацияны жогорулатуудан өткөн.
Бул Кыргызстандагы үчүнчү диализ борбору болуп саналат.
Биринчи диализдик клиника ишин 2018-жылдын октябрында Жалал-Абад шаарында баштаган. Февралда Бишкек шаарында экинчиси ачылган. Быйыл Бишкекте төртүнчү диализдик клиниканын ачылышы күтүлүүдө. (BTo)