Улуттук көркөм сүрөт музейинде «Жибек Жолу» аттуу интерактивдүү көргөзмө расмий түрдө жабылды. Анын жабылышында «Бүгүнкү күндөгү музейлердин абалы» темасында талкуу болду.
Тегерек үстөлдө аталган музейдин директору Юристанбек Шыгаев 20 күн ичинде көргөзмөгө 15 миңге жакын көрүүчү келгенин айтып, муну рекорддук көрсөткүч деп билдирди:
«Он жыл мурун биз тааныштар аркылуу каржы таап, 20-кылымдагы авангард көргөзмөсүн өткөргөнбүз. Мына ошондо 10 миңге жакын адам келген эле. Бул жолу музейге келгендердин саны 15 миңге жакындады. Бул рекорддук көрсөткүч. «Жибек Жолу» көргөзмөсүнүн уюштуруучуларына ыраазычылык билдиребиз!».
"Жибек Жолу" интерактивдүү көргөзмөсү 5-апрелде башталган. Көргөзмөнүн идеясы - интерактивдүү ыкмаларды колдонуу аркылуу көрүүчүлөргө Улуу Жибек жолунун боюндагы өлкөлөр жөнүндө негизги маалыматтарды берүү, шаарларды жана мамлекеттерди бириктирген бул байыркы жана жаңы жолдун азыркы статусу менен келечегин көрсөтүү. (AiA)