Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

Токмок: кылмышка шектүү депутат милицияга өзү келди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бир жылдан бери издөөдө жүргөн Токмок шаардык кеңешинин депутаты Тынай Жансеитов милицияга өз эрки менен келип, колго түшүп берди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз өкүлү Назира Имангазиева билдирди:

«Ал милицияга кечээ саат 18:30 чамасындө өзү келди. Буга чейин сот ага издөө жарыялап, сыртынан камакка алуу боюнча чечим чыгарган. Ал соттун чечимине ылайык Ысык-Ата ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө».

2018-жылдын 26-августунда Токмок шаарынын мал базарынан Ж.Т. аттуу жаран бычакталып, ооруканага түшкөн. Бул факт боюнча «Адам өмүрүнө кол салуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Токмок шаардык кеңешинин депутаты Тынай Жансеитовго эл аралык издөө жарыяланган. (BTo)

XS
SM
MD
LG