Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Украина орус мунайын өткөрүүнү токтотту


"Укртранснафт" компаниясы 25-апрелден тартып "сапаты начар" деген негизде орусиялык "Дружба" өткөргүчү аркылуу келген мунайды кабыл алууну убактылуу токтотту. Ишкана эгерде мунайдын сапаты талапка жооп бербесе, аны кабыл албай коюуга укуктуу экенин, келтирилген материалдык чыгымдардын баарына өз милдетин аткарбаган тарап жооптуу болорун билдирди.

Буга чейин Польша жана Беларус ушундай кадамга барган. "Reuters" агенттиги Германия менен Чехия да орус мунайын албай калганын кабарлады.

Орус мунайынын сапатына байланышкан маселе 24-апрелде Беларустун билдирүүсүнөн кийин ачыкка чыккан. Минск начар сапаттагы мунайдан 100 миллион доллар чыгым тартканын айткан.

"Дружба" өткөргүчү аркылуу жеткирилген мунайдын сапатынан улам батыштык импорттоочулар сотко кайрылып, Орусиядан компенсация талап кылышы мүмкүн экени айтылууда.

Советтик доордо 1960-жылдарда курулган дүйнөдөгү эң узун "Дружба" өткөргүчү менен Орусия Беларус, Украина, Польша аркылуу Европа өлкөлөрүнө мунай жеткирет.

XS
SM
MD
LG