Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

Баасы миллион сомдон ашкан мыйзамсыз ташылып келаткан дарылар алынды


23-апрелде Ош аэропортунан мыйзамсыз товар ташып келүүгө шектелип Кыргызстандын жараны (А.Д.Б) кармалган. Анын сумкасын текшерген учурда таңгакталбаган 2200 даана (30 800 капсула) 300 мг. «REGAPEN» үлгүсүндөгү дары-дармек табылган. Бул дарылар Кыргызстанга чет өлкөдөн мыйзамсыз ташылып келген.

Мамлекеттик Бажы кызматынын басма сөз кызматы алынган товардын жалпы наркы миллион сомдон ашык экенин билдирди.

Кармалган адам бажыга тийиштүү документтерди жана ЕАЭБдин бажы аймагына алып келаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бир да документ көрсөтө алган эмес.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 223-беренесинин 1-бөлүмү («Экономикалык аткезчилик») менен катталып, материалдар Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди. (BTo)

XS
SM
MD
LG