Линктер

бейшемби, 20-июнь, 2019 Бишкек убактысы 21:07

Баткен жана Согди облустарынын башчылары жолугушту


Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчилеринин жолугушуусу.

26-апрелде Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчилери баштаган делегация Лейлек районунун аймагында жолугушту.

Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзоданын жолугушуусуна чектеш аймактардын район-шаар башчылары жана укук коргоо кызматкерлери, аксакалдар менен жаштардын өкүлдөрү катышты.

Анда чек арадагы коомдук коопсуздукту камсыздоо тууралуу сөз болду. Чек аралаш облустун башчылары эки элдин ынтымагын, алакасын бекемдөөгө багытталган иш-чараларды, өзгөчө чек аралаш аймактарда, чыр-чатак көп катталып жаткан айылдарда өткөрүү боюнча макулдашты.

Эки тарап, чек аралаш аймактарда жаралып жаткан көйгөйлөрдүн алдын алуу, чыр-чатактарды болтурбоо маселесин жергиликтүү деңгээлде чечүүгө жетишүү керектигин айтышты. Чек арада катталган акыркы окуяларга объективдүү баа берүү үчүн эки тараптын күч түзүмдөрү биргелешип иш алып барышы керектиги боюнча атайын тапшырмалар берилди. (JsA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG