Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Бишкекте «МедиаТоптоо-2019» форуму өтүп жатат


«МедиаТоптоо-2019» индустриалдык форуму.
«МедиаТоптоо-2019» индустриалдык форуму.

Бишкекте «МедиаТоптоо-2019» индустриалдык форуму башталды. Ага экс-президент Роза Отунбаева, жергиликтүү маалымат каражаттарынын жетекчилери, чет өлкөлөрдөн жана аймактардан келген журналисттер, медиа адистери катышууда.

Быйыл экинчи жыл уюштурулуп жаткан форумда спикерлер санарип медиа жана телеберүү жаатындагы негизги багыттар, максаттуу аудиторияны түшүнүп-билүү боюнча презентацияларды даярдашкан.

Иш-чараны «Интерньюс Кыргызстан» уюштурду. Анын жетекчиси Элина Каракулова былтыркы жылы «Азаттыктын» кабарчысы Уланбек Эгизбаевдин дүйнөдөн өтүп кетиши журналистика үчүн оор жоготуу болгонун белгиледи. Ошондой эле Журналисттик иликтөөлөр фондунун ишине жогору баа берди.

Форум 27-28-апрелде «Асанбай» борборунда өтүүдө.

28-апрелде мыкты журналисттерге «Умтулуу» («Стремление») сыйлыгы тапшырылат. (AiA)

XS
SM
MD
LG